Жумагулов: “Чоңдорго чапан жапканды токтотпойлубу!”

5-Янв. 2018, Жума, 10:49

Бул окуя жаңы жыл алдында болгон. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловго маданият мекемелеринин биринин жетекчилери жаңы жылдык куттуктоо менен келип, үстүнө кийит жапкан.

Буга нааразы болгон Жумагулов төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: ”Урматтуу кесиптештер! Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам”.

"Министр Жумагуловго бул кызматта отурган эки ай арасында белекке тартууланган мындай арзан чапан-калпактар чаң басып, текчелерде жыйылып турат",-деп билдиришти министрликтен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!