Тарых музей мындан ары “Улуттук” деп аталат

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:56

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгаруу жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин аппаратынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын тарыхый мурастарын сактоого кошкон өзгөчө салымын эске алып, КРнын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгарылсын жана мындан ары “Улуттук тарых музейи” деп аталсын.

2. Өкмөт өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!