​Президент сот системасынын кызматкерлерин куттуктады

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:46

Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Өлкө башчы куттуктоосунда өлкөгө жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин ишенимдүү коргоого жөндөмдүү, күчтүү, адилет, көз карандысыз жана мыйзамды бийик туткан сот бийлиги керектигин айтып өткөн.

«Эң жогорку талаптарга жооп берген адилет сот бийлигин түзүү – сот реформасынын башкы стратегиялык максаты.

Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болуу тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем.

Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры тураарын эч качан эстен чыгарбагыла. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин арттырат.

Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!»,- деп жазылат куттуктоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!