Өзүбүз жөнүндө | Байланыш | Окурмандан | Архив | Абоненттик форм
Oct 12, 2008 БАШКЫ_БЕТ
Кабарлар
Дубан
Дүйнө
Борбор азия
Экономика
Аялзат
Маданият
Ыргак
Аралаш
Билим
Ден соолук
Спорт
Маек
Рамазан
Жазуучулар

Өзүбүз тууралуу

"ZAMAN Кыргызстан" газетасы жөнүндө маалымат

Кыргызстан эгемендүүлүк алганы эң алгач түрк боордоштор кол сунуп, мына ошонун бир жемиши кыргыз-түрк "ZAMAN Кыргызстан" газетасы болгон.
"ZAMAN Кыргызстан" газетасынын алгачкы таанышуу саны 1992-жылы декабрь айында чыккан да, 1993-жылдан тартып тынымсыз чыгып келе жатат.  Кыргызстандагы биринчи эл аралык газета, кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы ынтымактыктын символу. Эң алгачкы жолу бүт технологиясын компьютерлештирген, дизайнын эл аралык стандартка
ылайыктаган жана кыргыз гезиттеринин ичинен интернетке алгачкылардан бири болуп чыккан басылма. Кыргыз тилинде  16 бет көлөмүндө чыгат. Түрк тилинде тиркемеси бар.
"ZAMAN Кыргызстан" газетасы - башкы уюму Түркияда болгон "ZAMAN" газетасынын бир бутагы. "ZAMAN" басылмасынын бир күндүк нускасы 563 миңди түзүп, Түркиядагы эң окумдуу газеталардын башында турат.  Бул газета азыр Германия, Казакстан, Азербейжан, Түркмөнстан, Румыния, Болгария, Австралия, АКШ, Македония сыяктуу 11 өлкөдө чыгат. Анын бири - "ZAMAN Кыргызстан". Газета Кыргызстандын бардык аймагына тарайт жана бардык областтарда кабарчылары иштейт.
Газета кары-картаңдарга, айрым китепканаларга акысыз берилет. Негизги мазмуну: республикадагы жана областтардагы эң сонку маалыматтар, дүйнөлүк кабарлар, тарых жана маданият, билим берүү, спорт, аялдар жана жаштар, балдар үчүн атайын бет, сканворд, телепрограммалар.
Газета "Манас"эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 жылдыгына, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата илимий-публицистикалык макалаларга конкурс уюштуруп, мында жалпысы 200дөй макала жарыяланды. Белгилей кетүүчү нерсе, "ZAMAN Кыргызстан" газетасынын бетине жарыяланган материалдар, учурда студенттер, илим чөйрөсүндөгү адамдар үчүн колдонмо илимий материал катары да кызмат кылууда.
Газетанын башкы өзгөчөлүгү - маалымат кандай болсо, ошондой гана жеткирүү, бул же тигил тарапка тартпоо, чындык тарапта болуу.
"ZAMAN Кыргызстан" үй-бүлөлүк басылма деп аталат, анткени анда бала үчүн, эне үчүн, окуучулар үчүн, ата үчүн да материалдар берилет. Газета интеллигенциянын газетасы, анда мектептер үчүн окуу материалдары да көп.