3-июль: айрым аймактарда жаан жаайт

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 3-июлда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31;

Бишкек шаарында 3-5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +34...+36 градус ысык болот.

Ал эми 4-5-июлда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 6-июлда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-июлда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!