28-сентябрь: тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:07

Бүгүн, 28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +15...+20;

Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;

Баткен дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +15...+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Бишкек шаарында 28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, кечке жакын жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +18...+20 градус жылуу болот.

Ал эми 29-30сентябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!