Сапар Исаков Өзбекстанга барат

Сапар Исаков Өзбекстанга барат
2-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:17

КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны эртең, 3-ноябрда Ташкент шаарында өтөт.

Бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган расмий делегация Өзбекстанга барат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Саммитте соода-экономикалык, мунай, газ, унаа курууну өнүктүрүү, бажы көзөмөлү сыяктуу жалпы 18 маселени талкуулашат.

Жыйынга Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Казакстан, Беларуссия, Россия жана Тажикстандын премьер-министрлери, ошондой эле КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев катышат.

Саммиттин алкагында өкмөт башчыларды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!