Наваз Шариф кызматынан ажырады

1-Авг. 2017, Шейшемби

Пакистандын Жогорку соту өлкөнүн премьер-министри Наваз Шарифти үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган паракорчулук кылмыштарга байланыштуу кызматынан алды.

Беш соттун катыштыгында чыгарылган өкүмдө Шариф мындан кийин өлкөнүн парламентинин мүчөсү боло албай турганы жазылган.

Өткөн жумада сот сот Наваз Шарифтин өкмөтүндөгү таасирдүү аткаминерлердин бири Пакистандын Каржы министри Мухаммад Исхак Дараны кызматынан бошоткон.

2015-жылы ачыкка чыккан “Панама документтеринде” Шарифтин туугандырынын ысымы кездешкен. ММКлар премьер-министрдин кызы жана эки уулунун офшордук ишканалар менен байланышы тууралуу жазган.

Шариф бардык айыптоолорду четке какты. Мындай кептер анын үй-бүлөөсүнө каршы болгон адамдардын колунан келгенин айтты.

Наваз Шариф Пакистандын премьер-министрлик кызматына 2013-жылдын июнь айында келген. Ага чейин бул кызматта 1990-1993-жылдары жана 1997-1999-жылдары эмгектенген.
“Панама документтери” эки жыл мурда Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциуму (ICIJ) тарабынан ачыкка чыккан. Анда панамалык “Mossack Fonseca” фирмасынын оффшордук эсептери боюнча миллиондогон документтер камтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!