Президент Атамбаев Өзбекстанга барат

Президент Атамбаев Өзбекстанга барат
4-Окт. 2017, Шаршемби, 14:11

Президент Алмазбек Атамбаев эртең, 5-октябрда Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик иш сапары менен барат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдиргендей, өлкө башчынын иш сапары учурунда чек ара жана ишкердик тууралуу келишимдерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкесинин 1170 чакырымы же 85 пайызы такталган. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара келишими тууралуу мыйзамды ратификациялап, президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамга кол койгон.

Сентябрь айынын башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген учурда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

Кошуна өлкөнүн расмий Бишкекке жасаган визитинен кийин кыргыз-өзбек чек арасындагы бир нече бекеттер ачылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!