Зилалиевге катуу сөгүш берилди

Зилалиевге катуу сөгүш берилди
4-Окт. 2017, Шаршемби, 13:52

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер Сапар Исаков кол койду.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрдагы чечиминин негизинде кабыл алынган. БШК Зилалиевге карата катуу чара көрүлүшү керектигин айткан.

Эскерте кетсек, буга чейин Зилалиев президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен таанышып жатып, бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди колдоо тууралуу пикирин билдиргени катуу сынга алынган болчу. Анын бул аракети үчүн өкмөт башчы катуу эскертүү берип, республикалык штабдын жетекчилигинен четтеткен эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!