​Экономикада алга жылуу байкалууда

12-Май 2017, Жума

Жыл башынан бери өлкө экономикасында алга жылуу динамикасы байкалууда. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

“2017-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономикасында өсүү темпи уланууда. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 86,1 млрд. сомго жетти. Реалдуу өсүш 107,8 пайызды камсыздады. Өткөн жылы ушул учурда бул көрсөткүч 93,6 пайызды түзгөн болчу. Ал эми Кумтөр кенин эске албаганда өсүш 103,9 пайызга аткарылган.

Айыл чарбасында өсүүнүн деңгээли 1,5 пайыз болгон, тейлөө жана кызмат көргөзүүдө өсүш 0,5 пайыз, ал эми курулуш тармагында көрсөткүч мурадагы деңгээлин сактап турат.

Ал эми инфиляциянын деңгээли көрсөтө турган күнүмдүк керектелүүчү товарлардын көрсөткүчүнүн деңгээли 102,1 пайыз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!