​ЕАЭБ: товар айлантуу 7,3 пайызга өстү

12-Май 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине карата фермердик чарбаларга берилген жеңилдетилген насыянын жалпы көлөмү 2 млрд. 83 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын январь-февраль айларында физикалык жактардан которуу жолдору менен келген каржы агымы 253,4 млн. долларга жетти, өткөн жылга салыштырмалуу 51,1 пайызга жогорулаган.

Сырткы товар алмашуу 5,9 пайызга жогорулап, 752,4 млн. долларды камсыздаган. Товар экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайызга төмөндөгөнү байкалган же 233,5 млн. долларды түзгөн. Ал эми импорттук келүүлөр 10,4 пайызга жогорулап, 518,9 млн. долларга жетти.

Ошондой эле январь-апрель айларында Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы сырткы товар айлантуу 7,3 пайызга өсүп, 331,3 млн. долларды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!