​Чехиялык компания эки ГЭС курууга кызыкдар

30-Июнь 2017, Жума

Чехиянын “Liglass trading CZ SRO” компаниясы Жогорку Нарын Каскадына эки ГЭС курууга кызыкдар. Бул тууралуу 14 чакан ГЭСтин курулушу боюнча тендердик комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Аталган компания Кыргызстанда эки чакан ГЭС курууга 230 млн. долларга чейин инвестиция жумшоого даяр.

Акбулуң ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСи каскадында жайгашкан Нарын ГЭСинин курулушунун биринчи этабында 230 млн. долларлык келишим түзүүгө жана аны 30 банктык күндүн ичинде каржылоого даяр.

Акбулуң ГЭСи жана Нарын ГЭСи ишке берилгенден кийин. Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3 же башка ири ГЭСтин курулушуна келишим түзүлүшү мүмкүн.

Мындан сырткары 1 күн станциясын жана 2 таштанды иштетүүчү завод курулат.

Ошондой эле компания “Сандык-1”, “Сандык-2” жана “Сандык-3” чакан ГЭСин курууга кызыкдар.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!