Өлкө аймагында кооптуу зилзала катталды

30-Июнь 2017, Жума

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү түнкү саат 03:45 чамасында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 43 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар, кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, өлкө аймагында жыл сайын жер титирөөлөрдүн саны көбөйүп жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев кабарланган. Анын билдирген маалыматтына ылайык, өлкө аймагында 2015-жылга чейин кубаттуулугу төмөн болгон жер титирөөлөрдүн саны 3500-3800гө чейин катталса, өткөн жылдын ичинде 13076 жолу жердин силкинүүсү катталган. Анын ичинен 256 жолку жер титирөө 2 баллдан 5 баллга чейинки көрсөткүчкө жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын акыркы 5 айдын ичинде эле 5226 жолу жер титиреген. Анын ичинен 200 жолку жер кыймылдоо 2 баллдан 5 баллга чейин жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!