Акча талап кылган милиционерлер жумуштан кетти

30-Июнь 2017, Жума

«Манас» аэропортунда чет элдик спортчулардан акча талап кылган деп Аба транспорту боюнча ички иштер бөлүмүнүн эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү телеканалдардын бирине снукер боюнча Азия чемпиондугуна катышуу үчүн Бишкекке келген чет элдик спортчулар «Манас» аэропортунда милиция кызматкерлери акча талап кылышканын айтып беришкен. Анда чет өлкөлүк спортчуларга милиция кызматкерлери «тыюу салынган жерден чылым чеккениңер үчүн айып пул»,- деп, алардан акча талап кылган.

Бул окуя боюнча өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында эки милиция кызматкери иштен айдалып, наамы төмөндөтүлгөн. Андан сырткары ички иштер бөлүмүнүн башчысы сөгүш алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!