​Бюджеттин жарымы социалдык багытка жумшалды

10-Окт. 2017, Шейшемби, 16:37

Үстүбүздөгү жылы өлкө бюджетинин жарымы социалдык багытка жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн тогуз айда бюджеттен социалдык багыттарга жумшалган чыгымдын жалпы көлөмү 49 млрд. 654,4 млн. сомду түздү. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 424,5 млн. сомго көп.

Аталган сумманын 19,9 пайызы социалдык коргоо боюча долбоорлорго жумшалган, билим берүү тармагына 17,2 пайызы, саламаттыкты сактоого 9,8 пайыз багытталган. Ал эми туризм, маданият жана дин боюнча долбоорлорго 3,1 пайызы керектелген. Ошондой эле турак-жай-комуналдык чарбаны жакшыртууга бөлүнгөн. Жалпылап алганда сентябрь айынын жыйынтыгы менен социалдык тармакка чыгымдалган каражат бюджеттин 51,5 пайызын түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!