Бүгүн Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

Бүгүн Кыргызстанда «жымжырттык күнү»
14-Окт. 2017, Ишемби, 08:38

Бүгүн, 14-октябрь – Кыргызстанда шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү”.

БШКнын маалымат кызматы билдирендей, мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлердин үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.

Ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында президенттикке талапкерлердин үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат.

Шартты бузган талапкер же болбосо анын өкүлү административдик жоопкерчилик тартып, 1000-2000 сом айып пул төлөйт.

Буга чейин көчөлөрдө жана коомдук жайларда илинип турган талапкерлердин көрнөк-жарнактары өзгөрүүсүз кала берет.

Белгилей кетсек, бир күндөн кийин Кыргызстан эли бешинчи президентин шайлайт. Шайлоого 11 талапкер катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!