Өкмөт: эртеңки шайлоо толук даярбыз!

Өкмөт: эртеңки шайлоо толук даярбыз!
14-Окт. 2017, Ишемби, 09:02

Кыргызстан эртең, 15-октябрда өткөрүлө турган президенттик шайлоого даяр экенин биринчи вице-премьер жана шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкасы иштейт. Бардык аймактардагы шайлоо комиссиялары тиешелүү техника менен камсыздалган. Электр энергиясын үлгүлтүккө учуратпоо тапшырмасы берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, жалпысынан шайлоого көз салуу үчүн миңге жакын байкоочу каттоодон өтүшкөн. Мындан сырткары 115 чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары да шайлоо жараянын чагылдыруу укугун алышкан.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, шайлоо күнү 9384 милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев шайлоо күнү техникалык колдоо көрсөтүүчү 500 адис иштээрин, дагы 200 кызматкер шайлоо участкаларындагы кошумча ишке тартыларын билдирди.

Эртең, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди