Тарыхта биринчи жолу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

19-Апр. 2018, Бейшемби, 14:57

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун парламенттеги азчылык сунуштаган. Аны көпчүлүк коалиция колдогон.

“Өкмөткө ишеним көрсөтпөө биринчи жолу болду. Бул жаңы саясий маданияттын калыптануусунан кабар берет. Бирок, азчылыктын сунушун көпчүлүк коалиция колдогонуна ыраазымын. Бир жагынан таң калдым. Алар өкмөттү коргошу керек болчу”,- дейт Масалиев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык өкмөт отставкага кетти. Анткени, бүгүн ЖКнын жыйынында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштаган. Демилгени «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да кубаттап, тийиштүү колдор топтолгонун жана процедуралар аткарылгандыгын айткан.

Анын негизинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоп беришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө добушка коюлуп, катталган 112 депутаттын 101 депутаты «макул», 5 депутат «каршы» деген добуш беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!