Ажалдан бир адамды алып калышты

25-Июль 2017, Шейшемби

Бишкекте куткаруучулар сууга чөгүп бараткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы Комсомол көлүнүн "Вода-1" постунда сууга чөгүп бараткан 27 жаштагы эркек кишини ӨКМнин куткаруучулары аман алып калышып, бул учурда жардамга муктаж жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлуп, досуна өткөрүп беришкен.

“Куткаруу ишине 4 куткаруучу тартылып, адамдын өмүрү сакталып калынган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!