Милиция кызматкерине сөгүш берилди

26-Июль 2017, Шаршемби

Жол кырсыгына кабылган патрулдук милициянын кызматкерине сөгүш берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери 6-классынын окуучусун сүзүп кетти деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Жол кыймылынын кырсыгына патрулдук милиция кызматкери “Лада-Приора” кызматтык автоунаа менен кызматтык иш маалы бүткөн учурда кабылган. Жол кырсыгы Кара-Суу районунун Кызыл кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолунда орун алган.

“Окуучу кыз кырсык болгон жерден ооруканага жеткирилген жана бир нече күндөн кийин ата-энеси чыгарып кеткен. Ошондой эле жабырлануучунун жакындары тарабынан доо жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы менен патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы менен кызматкерине тартиптик жаза берилген. Ош ОИИББдин жетекчисинин буйругу менен облусттук патрулдук милициянын ага инспектору, милициянын капитаны А.А. аттууга ИИМдин тартиптик уставы менен буйругун бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган. Ал эми кызматкерлерин начар көзөмөлгө алгандыгы үчүн облустук патрулдук милиция ротасынын командири, милициянын капитаны К.Ага тартиптик жаза берилген.

Белгилей кетсек, жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Ош облусунун патрулдук милиция кызматкери мектеп окуучусун сүзүп кетти деген маалымат чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!