«Шах-Фазиль» мавзолейи оңдолот

26-Июль 2017, Шаршемби

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан “Шах-Фазиль” тарыхый-архитектуралык мавзолейинин оңдоп-түзөөнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри билдирет.

Маалыматка ылайык, мавзолейдин биринчи этабы буга чейин 2014-2015-жылдары ички жасалгалары оңдолуп эми, экинчи этабы толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, XI-XII кылымга таандык мавзолей алгачкы жолу 1967-жылы реконструкцияланган. Кийинчерээк, убакыттын өтүшү менен нымдуулуктан комплекс акырындап бузулуп, ичиндеги жазуулары, оюу-чийүүлөрү урай баштаган. Реставрация иштеринин алкагында адистер алгач мавзолей курулган топурагын изилдеп чыгышкан. Андан кийин оңдоп-түзөө иштери дал ошондой материалдар менен жүзөгө ашырылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!