Эртеңден тарта Калык Акиев көчөсү жабылат

26-Июль 2017, Шаршемби

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоп-түзөө иштерин байланыштуу Калык Акиев көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-июлдан тартып, 22-сентябрга чейин Калык Акиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аралыгы жабык болмокчу.

Мэрия шаар тургундарын ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт. Ал эми айдоочулар өзүнө ыңгайлуу альтернативдүү каттамды тандап алуусу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!