Добуш сатып алуу фактысы катталды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 11:41

Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрь күнү Ош ШИИБнин ыкчам кызматкерлерине Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан президенттикке талапкердин биринин штабынан шектүү коробкаларды чыгарып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ош ШИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерге келишкен.

Болжол менен саат 15:00 чамасында көрсөтүлгөн жерден “Daihatsu” үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, Амир-Темир кичирайонуна көздөй багыт алган. Садридин - Айни көчөсүнөн автоунаа токтотулуп, текшерүү учурунда 1959-жылы туулган А.С. аттуу айдоочусу унааны башкарып бара жаткандыгы аныкталган. Автоунаанын ичинде 1953-жылы туулган К.Т. аттуу жаран бар болгон. Автоунаа Ош ШИИБне жеткирилип, күбөөлөрдүн катышуусу менен унаанын багажында 6 коробкага салынган талапкердин колу коюлган каттар табылган.

Андан сырткары, кармалган жарандардан ири суммадагы 185 000 миң сом акча каражаты табылган.

Тергөө учурунда А.С. аттуу жаран жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты шайлоочулардын добушун сатып алууга арналганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!