Президент чек ара боюнча маалымат алды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:21

Бүгүн, 5-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди жана Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абал жана мамлекеттик чек аранын участкаларындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Президент кыргыз-тажик чек арасынын жана кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын делимитациялоо жумуштарын тездетүү боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Курбанбай Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын аныктоо боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле ушул жылдын экинчи кварталында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын натыйжасында жетишилген Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу маселелерди комплекстүү карап чыгуу үчүн Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу белгиленген.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунун «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы абалды талкуулоо үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Ош областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратында уюштурулган жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын участкаларындагы өткөрүү пункттарынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!