Футбол чемпионатынын калыстары аныкталат

Футбол чемпионатынын калыстары аныкталат
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:40

Орусияда өтө турган Дүйнө футбол чемпионатынын калыстар тобу жаңы жылдын башында белгилүү болот. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Калыстар боюнча комитети дүйнөлүк чемпионаттын калыстар тобунун акыркы тизмесин январь айында жарыяламай болду. Азыркы учурда Абу-Даби шаарында Пьерлуижи Коллиндин жетекчилиги астында калыстар тобунун семинары өтүп жатат. Ага дүйнөгө белгилүү, эң алдыңкы 36 калыс катышууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!