"Формула-1"дин жыйынтыктоочу этабы аяктады

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:23

Быйылкы "Формула-1" авто жарыш сезону Абу-Даби шаарында жыйынтоочу этабын кечээ аяктады. Анда финляндиялык спортчу Мерседес командасы атынан жарышып, жыйынтыктоочу этапта баш байгеге татыктуу болду. Экинчи орунга анын британиялык кесиптеши Льюис Хэмилтон келди. Үчүнчү орунга Германиядан Себастьян Феттель татыды. 2017-жылы Льюис Хэмилтон дүйнө чемпиондугун мөөнөтүнөн мурда алган болчу. Ал эми орусиялык Даниил Квят жыйынтыктоочу этабына четтетилип калгандыгына байланыштуу катыша алган жок.

Чемпиондордун жеңиштеринин эсеби боюнча Льюис Хэмилтонтун эсебинде 363 упай бар. Экинчи орунда Феттель 317 упай, үчүнчү орунга Боттас 305 упай менен келатышат. Ал эми орусиялык Даниил Квят 5 упай алып, 18 орунга жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!