​Чемпионатты дүйнө калкынын жарымы көрөт

​Чемпионатты дүйнө калкынын жарымы көрөт
20-Янв. 2018, Ишемби, 02:30

Орусиянын спорт министрлиги дүйнөлүк чемпионаттын "Лужники" стадионунда өтө турган финалдык беттешүүлөрүн телеаудиториясы ааламдын жарым калкы болоорун билдирди. Бул тууралуу Орусиянын спорт министринин орун басары Наталья Паршикова айткандыгын ТАСС агентиги кабарлады.

Наталья Паршикова “- 2018-жылы өлкөбүзгө бир миллиондон ашык чет элдик туристер келүүсү күтүлүүдө. Ал эми финалдык оюндардын телеаудиториясы ааламдын жарым калкын ичине камтыйт” деп айткан.

Өткөн жылдын декабрь айында федералдык телеканалдар консорциуму узун сүргөн соодалашуудан кийин 2018-жылы дүйнө футбол чемпионаттын чагылдыруу укугун орусиянын Биринчи каналы, ВГТРК жана "Матч ТВ" каналдарына берилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!