​Окуучулардын спартакиадасы башталды

​Окуучулардын спартакиадасы башталды
11-Май 2017, Бейшемби

Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында республикалык спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спартакиада жалпы билим берүүчү мектептерде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Спартакиада 4 баскыч менен өтүүдө:

1-баскыч – жалпы билим берүүчү мектептердеги мелдештер;

2-баскыч – мектептердин курама командаларынын катышуусундагы окуучулардын райондук, шаардык спартакиадалары;

3-баскыч – облустук спартакиадалар;

4-баскыч - Республикалык спартакиаданын финалдык мелдештери Бишкек, Каракол шаарларында Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында өтөт.

Финалдык мелдештерге республиканын аймактарынан 1999-жылы туулган жана андан кичүү окуучулар катышат.

Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайдын окуучулары Спартакиадага катыша алышпайт.

Жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор, кубок жана медалдар менен сыйланышат. Мындан тышкары 15-30 миң сомго чейинки акчалай сертификаттар тапшырылмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!