​Мэрия: кыйылган дарактын ордуна 200 көчөт отургузулат

2-Июнь 2017, Жума

Ордо калаадагы Токтоналиев көчөсүнө 200 ашуун ийне жалбырактуу көчөт отургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриядан билдиришти.

Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин 143 даракты кыюу иштери жүрүүдө, анын 70и оор абалды турат.

"Мындан улам «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын долбооруна ылайык, 208 ийне жалбырактуу көчөттүн жаңы түрү отургузулмакчы. Мындан тышкары жолдор жана тротуарлар иретке келтирилет",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү дарактардын кыйылышына каршы болуп жарандык активисттер жана айрым тургундар балдары менен нааразылыкка чыгышкан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!