“Mercedes-Benz” “A” клаастагы седандын сырын ачты

“Mercedes-Benz” “A” клаастагы седандын сырын ачты
27-Июль 2018, Жума, 16:07

“Mercedes-Benz” компаниясы “А” класстагы седан унаасынын үлгүсү тууралуу маалымат таратты. Эскерте кетсек, апрелде немецтер Кытайда гана сатыла турган, узартылган модификациянын «төрт эшиктүү» унаасын сунуштаган эле. Моделдин «кыскартылган» үлгүсү бул жылдын аягына чейин Европанын базарларында сатыла баштайт. Машинанын кураштыруу иштери Германия менен Мексикадагы заводдордо жүрмөкчү.

Кытайлардын седанынан айырмаланып, глобалдуу үлгүүсү 60 мм кыска — 4549 мм эмес, 4609 мм болду. Жалпы алганда, жаңы моделдин өлчөмдөрү төмөнкүдөй: туурасы 1796 мм, бийиктиги 1446 мм, дөңгөлөк базасы 2729 мм.ге барабар. Көлөмү — 420 литр. Компания седанда бардык өндүрүш куралдар арасындагы аэродинамикалык каршылаштын эң аз коэффициенти бар - 0.22 дейт. Салыштыруу үчүн, хэтчбекте бул көрсөткүч - 0,25ке барабар.

Унаанын тааныштыруу иш-чарасы ушул жылдын күз айларында Париждеги автошоудо өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!