Елизавета IIнин “Rolls-Royce” унаасы аукционго коюлду

Елизавета IIнин “Rolls-Royce” унаасы аукционго коюлду
31-Июль 2018, Шейшемби, 12:30

Британиянын ханышасы сатып жаткан унаага окшош автомобиль дүйнөдө 18 гана даанасы бар.

Улуу Британияда ханыша Елизавете II жана анын жубайы Эдинбург герцогу Филиппке таандык 1953-жылы чыккан “Rolls-Royce Phantom IV State Landaulette” унаасы сатылат.

“Motors.co.uk” порталы билдиргендей, лоттун баасы 2 миллион фунт стерлингден башталат. Сатуу иш-чарасы 8-сентябрда өтмөкчү. Унаа королдук үй-бүлөгө 40 жылдан ашык кызмат кылды. “Rolls-Royce” көбунчө дүйнө кыдыруу үчүн колдонулган.

Елизавета Экинчи — эң көп башкарган жана Европанын улгайган монархы. Ал 1953-жылы такка отурган. Анын бийлиги кезде 14 өкмөт башчы алмашкан: Уинстон Черчилден тартып Тереза Мэйге чейин. 21-апрель күнү ханыша өзүнүн 92 жашын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!