"Tesla" серфингке арналган тактай чыгара баштады

1-Авг. 2018, Шаршемби, 10:24

Илон Масктын компаниясы саналуу өлчөмдө серфингке арналган тактай чыгарат. Ал эми алардын баасы бир нече миң долларды түзөт. Бул тууралуу «korrespondent.net» сайты маалымдайт.

«Tesla» бул жолу толкундарды багынтууга арналган тактай жасап чыгарды. Компаниянын фирмалык дүкөнүндө аталган тактайлар сатылып жатат.

Тактайлар бир нече түскө боёлгон. Ошодой эле, анда «Tesla»нын белгиси бар. Болгону бир нече сааттын ичинде тактайдын көп бөлүгү сатылып кеткен. Тапшырык бергендер аны бир нече күндүн ичинде ала алышат. Ал эми шашылыш түрдө алгысы келгендер “eBay”ден 4 миң долларга сатып ала алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!