“Ford” экономдуу “Mondeo” унаасын чыгарды

“Ford” экономдуу “Mondeo” унаасын чыгарды
23-Янв. 2019, Шаршемби, 16:58

“Ford” компаниясы “Mondeo” моделин толугу менен модернизациялап чыгарды. Жаңы унаанын өзгөчөлүгү рестайлинг, жаңы дизель жана гибриддик үлгүсү.

“Ford” жаңы “Mondeo” унааларынын үлгүсүн европалык базарда тааныштырды. Визуалдуу жактан модель мурунку муундагы унаалардан өзгөчөлөнбөйт. Бирок бир топ өзгөрүүлөргө ээ болду. Өзгөрүүгө радиатордун тору, алдыңкы бампери жаңы вставкага ээ болду, “противотуманка” мындан ары жарык диодуу болмокчу, арткы фаралары багаждын капкагы аркылуу өткөн жаңы “С”-образдуу профиль жана хромдолгон элементтер менен туташкан.

Анын дизели эки литрлик “Ford EcoBlue” менен жабдыкталды. Мотору бир нече кубатка ээ: 120, 150 жана 190 ат күчү.

Экинчи негизги жаңылык: универсал “Mondeo” гибрид болуп жасалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!