​Фермерлер 5 млрд. сом насыя алышты

​Фермерлер 5 млрд. сом насыя алышты
11-Сен. 2018, Шейшемби, 12:53

“Айыл чарбаны каржылоо – 6" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 5 млрд. суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министлиги билдирди.

Маалыматка караганда, насыя республика боюнча жалпы 10 миң 831 айылдык товар өндүрүүчүгө берилген.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 млрд сом, мал чарбачылыкка – 2 млрд сом, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 1 млрд сом бөлүнүп берилди.

Аталган долбоордун алкагында Каржы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда 5 млрд. 816 млн. сомду түзгөн пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндөгү келишимдерге кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!