Балаңыздын баш оорусунун себеби сиз болушуңуз мүмкүн

Балаңыздын баш оорусунун себеби сиз болушуңуз мүмкүн
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 15:33

Балдардын жаш кезинен баштап эле улам-улам башынын оорусунун себеби-мигрень болуп саналат. Мигрень баш оорусу айына эки же төрт ирет кармашы мүмкүн. Ошондой эле балдардын баш оорусу генетикалык таасирден улам пайда болушу мүмкүн. Мигрень менен ооруган балдардын үй-бүлөсүндө дээрлик 70% атасы, апасы же бир тууганынында башы оорусу катталган.

Жаш балдардын мигрень оорусу бара-бара жашка карата бара-бара күчөгөндүгүн аныкташкан. Көрсө бул оору балдар канчалык чоңойгон сайын, оору да көбөйө берет экен. Айрыкча аял кишиге караганда эркектерде үч эсе көп катталгандыгы байкалган.

Белгилер жашка карата өзгөрөт

Кичинекей балдарда кусуу, чочулоо жана уйкусуздук белгилери менен коштолот. Бала чоңойгон сайын баштын бир тарабы ооруй баштайт.

Оорунун пайда болушунун факторлору

Алар төмөнкүлөр: стресс, ач болуу, уйкусуздук, саякат, аба ырайынын алмашуусу ж.б. факторлор болушу мүмкүн.

Дары менен оорунун алдын алууга болот

Ооруну дары менен толук жок кыла албасак да, дарыгерлердин кеңешин угуп, алар жазган дарылар менен оорунун алдын алууга болот. Эгерде сизде кусуу, уйкусуздук, аллергия же стресске кабылуу өнөкөттөрү пайда болуп жатса, алардын сөзсүз түрдө алдын алыңыз. Анткени ушул этаптар менен оору башталып, андан ары күчөп мигреньге айлануусу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!