Саякаттан соң кайсы доктурга көрүнүү керек?

Саякаттан соң кайсы доктурга көрүнүү керек?
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:34

Сиз саякаттоону жакшы көрөсүз. А бирок ошол саякаттап келгениңизден кийин ден-соолугуңуз боюнча кайсы бир маселелер жаралса, анда сөзсүз доктурга кайрылганыңыз жакшы. Кайсыл учурда? Кандай доктурга көрүнүү керек?

Ичиңиз ооруп, тамагыңыз жакшы сиңбей же кайсы бир тамактан уулансаңыз

Анда гастроэнтерелогго кайрылыңыз. Айрыкча жайкы учурда ууланууга көп дуушар болобуз. Организмге кирген вирус ысыктын күнү бат тарап, ден-соолуктун начарлануусуна алып келет. Эгерде сизушундай абалга туш болсоңуз, анда сөзсүз түрдө узак убакыт диета кармооңузду адистер эскертет.

Күн нуруна кескин күйсөңүз анда дерматолог жардамга келет

Эс алууга барып күнгө бат эле күйүп калуудан коргонууну адистер эскертет. Анткени күнгө кескин күйүү ден-соолукка зыян. Күнгө кескин күйгөн учурда, эртеси териңиз ачышып, температура бериши мүмкүн. Ошондой эле өзүңүздүн калдарынызга да маани бере жүргөнүңүз оң. Себеби, калдардын чоңоюп же кичирейүүсү кайсы бир оорунун пайда болуп жаткандыгынан кабар берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!