Жүзүм менен апельсин толуп кетүүдөн сактайт

Жүзүм менен апельсин толуп кетүүдөн сактайт
23-Июль 2018, Дүйшөмбү, 11:12

Тамактанганда жүзүм менен апельсинди пайдалануу толуп кетүүдөн, диабет менен жүрөк, кан-тамыр ооруларынан сактайт”.-деп билдирет британиялык окумуштуулар.

Жүзүмдө транс-ресвератрол (Tres), ал эми апельсиндин курамында - гесперетин (HESP) бар. Бул заттар кандагы глюкозанын деңгелин төмөндөшүнө таасир берип, инсулинге деген сезимталдуулукту арттырууга жана артериянын абалын жакшыртууга жардам берет.

Аталган кошулмалардын таасири 18 менен 80 жаш аралыгындагы ашыкча салмактан зыян чегип келе жаткан 32 ыктыярчы катышкан тажрыйбада аныкталды. Транс-ресвератрол менен гесперин организмдеги канттын зыянын жойгон “Glo1” деп аталган белоктун көбөйүүсүнө жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!