Кышкысын эң көп козголгон тери оорулары

21-01-2017

Кыш айларында абанын сууктугу, шамал, абанын кирдеши, жабык мекемелерде көп убакыт өткөрүү, суунун аз ичилүүсү жана аз тер бөлүп чыгаруу... Бул сыяктуу терс факторлор терини кургатып, андан соң түрдүү тери ооруларынын келип чыгышына жана күчөшүнө алып келет.

Кыш мезгилинде териге коркунуч көрсөткөндөрдүн бирден-бири бул стресс! Стресстен келип чыккан тери ооруларынын күчөшү жогорулайт. Териде кызыл тактар пайда болуп, кычышып жана түлөй баштайт. Мына ушу сыяктуу белгилерден чыккан тери ооруларынын беш түрү тууралуу сөз болмокчу.

Экзема

Экзема: стресс, тамак-аш сиңирүү жана айлана-чөйрөдөгү түрдүү факторлордун таасиринен улам келип чыгат. Бул түрдөгү тери оору көбүнчө бетте, колдо жана жыныстык органдарда болуп кызарып, кычыштырып, түлөп жана жара пайда кылат. Көбүнчө аллергиялык реакциялардын натыйжасында пайда болот.

Эмне кылуу керек?

Дененин жабыркаган жерин самын, айна, идиш-жуучу каражаттарга салбоо керек.

Аллергия чакыруучу тамак–ашты, таттууларды, цитрус жемиштерин этият болуу кажет.

Терини күндө тазалап, майлуу эмес нымдоочу кремдерди колдонуу зарыл.

Үй шартында дарылоодон мурун дарыгер менен кеңешкен оң.

Аба кирдеген убактарда сыртта убакыт өткөрүүдөн качыңыз.

2.Псориаз

Псориаз- теринин сезгенүүсүнөн келип чыгат. Айрыкча кыш айларында сасык түмоонун күчөшү да бул ооруну козгойт. Псориаз бети кургак кабырчыктар менен капталган, кызыл түстөгү так түрүндө пайда болот. Көбүнчө баштын чачтуу бөлүгүндө, денеде, колу-буттун муундарында, алаканда, тырмакта, таманда болот. Алгач майда кабырчык түрүндө пайда болуп көбөйө баштайт. Ал кычыштырып, жарылып канайт.

Эмне кылуу керек?

1. Псориазды алдын алуу үчүн организмди чыңдап,

2. Спорт менен алектенип,

3. Стресс абалында көпкө жүрбөө керек.

4. Жабык жерлерде иштесеңиз түшкү дем алууда сыртка чыгып, таза абага чыгып туруу зарыл.

5. Анан териде жаралар пайда болсо, тезинен тери дарыгерине кайрылуу кажет.

Дерматит

Аба-ырайынын алмашышы дермотиттин келип чыгышына себепчи болот. Өзгөчө белгилери дене ысыйт, дүүлүгөт, уйку качат, нерв системасынын иши начарлайт. Дерматит болгон жер тызылдап ачышып, кургап, кесилип, ысып сайгылашат жана кычышат.

Эмне кылуу керек?

1. Сыртка чыгаарда кол кап кийүү зарыл.

2. Дарыканадан колдор үчүн атайы зайтун майы жана глицерин аралашмасы бар крем самындарды колдонуу керек.

3. Идиш-аяк жуурдан мурун резинка кол каптарын кийүүнү унутпаңыз.

4. Ооруну күчөтүп ийбеш үчүн атайы дермотологдорго кайрылып, дары-дармек алууңуз кажет.

4. Кычышуу

Кычышуу да оор көйгөйлөрүнүн бири, ошондой эле ал “жалгыз бир оору” белгиси катары белгилүү болгон. Суук аба, үйдөгү жылыткычтар, организмде суунун азайышы стресс жана жугуштуу оорулардын көйгөйүнөн кычышуулар пайда болот.

Эмне кылуу керек?

1. Ысык сууга түшпөөгө аракет кылып

2. Мончо жана сауналага барбоого

3. Душка тушүп чыккандан кийин нымдоочу кремдерди колдонуп

4. Көп-көп суу ичип

5. Таттуулардан алыстап

6. Стресс болуудан качуу керек.

5. Бөрү жатыш

Теринин, былжыр челдин чалкан чаккандай дүрдүйүп чыккан кычышма оорусу. Организмдин аллергиялык реакциясынан, көп учурда айрым тамак-аштар жакпай калган учурда чыгат. Кол, бут, кээде бетке бүдүрлөр чыгат. Бүдүрлөрдүн көлөмү жана формасы ар кандай болот. Бүдүрлөр чыккан маалда дене ысыйт, оорулунун алы кетип, кычышып жана дүүлүгөт.

Эмне кылуу керек?

1. Сүт, жашылча-жемиш сунушталат

2. Кычышууну азайтуу үчүн муздак компресс, жылуу ванна колдонуу жакшы

3. Өнөкөт бөрү жатышта курортторго, деңизге түшуп, аба жана күн ванналары пайдалуу

4. Катуу кармаган бөрү жатышта аллергенди тез чыгаруу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!