​50 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралып жатат

​50 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралып жатат
11-Апр. 2018, Шаршемби, 14:31

Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өзгөндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин суу каптаган.

Мындан тышкары Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!