​12-апрель: жаан-чачын болбойт

​12-апрель: жаан-чачын болбойт
11-Апр. 2018, Шаршемби, 17:25

12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. Жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз -12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 15...20,

Ош обласында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Баткен обласында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Жалал-Абад обласында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз 2...7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3 градус, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!