Кыргызстандык балбандар байгени эч кимге берген жок

Кыргызстандык балбандар байгени эч кимге берген жок
6-Сен. 2018, Бейшемби, 11:17

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз күрөшүнөн кыргызстандык балбандар баш байгени эч кимге берген жок.

Айта кетсек, Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз күрөшү мелдешине 38 мемлекеттен келген 131 балбан катышкан. Бирок алты алтын медалды кыргыз балбандары алышты.

Алтын медаль уткан кыргызстандык балбандар:

Бекболсун Сатканкулов - 55 килограмм;

Амангелди Эсенбек уулу - 60 килограмм;

Равил Самат уулу - 66 килограмм;

Баястан Идирисов - 74 килограмм;

Чыңгыз Чалабаев - 84 килограмм;

Нурбек Кожобеков - 96 килограмм;

Эске сала кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрь күнү жыйынтыкталат. Спорттук мелдештерге 70 мамлекеттен 1918 спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Ага 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын-174, күмүш-173, коло-247.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!