Жаш баланын денесинен 10 ийне табылды

Жаш баланын денесинен 10 ийне табылды
5-Июль 2018, Бейшемби, 11:48

Тажикстандын борбору Душанбе шарындагы Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык жаш баланын денесинен 10 даана ийне тапты. Бул боюнча “Спутник” агенттиги кабарлады.

Врачтар ренгендин жардамы менен жаш баланын мээ, мурундун ылдыйкы бөлүгүнөн, бутунан, мойнунан жана көкүрөгүнөн табышкан.

Алгачкы операцияда врачтар араң эле алты ийнени чыгарышкан. Калган төрт ийне дале болсо баланын денесинде калган.

Учурда Фергана облусунун, Ташлак районунун прокуратурасы бул боюнча иликтөө ишин баштады.

Адистердин айтымында бала ийнелерди өзү жутса алгач анын ички органдары жабыркамак жана ийнелер ичегиге туруп калмак.

Ушундай эле жагдай 2018-жылдын январь айында Өзбекстанда катталган. Анда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинен тогуз сааттык операциядан соң, 13 ийне алышкан. Адистер ал ийнелер кимдир бирөө тарабынан киргизилгендигин болжолдошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!