Япониянын сел каптады

Япониянын сел каптады
9-Июль 2018, Дүйшөмбү, 11:39

Япониянын батыш тарабындагы селден улам жүздөгөн адам каза болсо, элүүдөй киши дайынсыз. Суунун деңгээли өтө тездик менен көтөрүлгөндүктөн, айрым адамдар үйүнөн чыкканга жетишпей калган.


Жабыркагандардын көпчүлү Хиросима шаарында катталган. Анткени ал жердеги ак жаан бейшембиден бери токтой элек. Ошондой эле, Эхиме, Окаяма, Ямагути-гуми, Киото, Гифу, Хиого жана Фукуока шаарларында катталганы маалым болду.

Жүздөгөн үйлөр талкаланды. Бир жарым миллион адамга өз үйүн таштоо буйругу келген. Өкмөт дагы үч миллион адамды башка жакка көчүрүүнү тапшырды.

Япониянын метереология агенттиги маалымат жыйынында “Биз мындай күчтүү жамгырды он жылдан бери көрө элек болчубуз”,-деп билдирди.

Учурда аймактар боюнча, 54 миң куткаруучу, полициялар, өрт өчүрүүчүлөр жана аскерлер түштүк-батыш, батыш райондордо иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!