Жаш кыз экзамен тапшыруу учурунда каза болду

Жаш кыз экзамен тапшыруу учурунда каза болду
5-Сен. 2018, Шаршемби, 13:39

Аталган кырсыкка бир канча адам күбө болгон. Окуя Польшанын темир жолунда катталган. 18 жаштагы Анджелина аттуу кыз унаа айдоо боюнча экзамен тапшырып жаткан. Кокусунан эле унаасы жүрбөй поезд жүргөн жолго туруп калат. Мына ушул катачылык ал кыздын өлүмүнө себеп болгон. Ал унааны жүргүзүү үчүн колунан келген аракетин жасаган. Тилекке каршы, унаасын айдап жылдырганга жетишпей калат. Жыйынтыгында поезд унааны сүзүп, канча дагы аралыкка чейин сүйрөп барган. Бул боюнча “Daily Starагенттиги кабарлады.

Үрөй учурган окуяны бир канча адам көргөн. Айдоочу мугалим киши өзү унаадан качып чыкса, Анджелина болсо унаанын ичинде калып калган. Эң кызыгы айдоочу мугалим окуучусун тезинен унаадан чыкканга буйрутма берген эмес.

Күбө болгон адамдар Анджелинанын канга боёлгонун көрүшүп, мугалиминен дары салынган кутучаны сурашат. Бирок ал да жок болгон. Анджелинанын агайы ага жардам берүүнүн ордуна, өзү качып кеткендигин күбө болгонун жергиликтүү тургун Рафал Квак билдирди. Кыз ооруканага жеткенден кийин көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!