Туристтерге көчөдө тамак жегенге тыюу салынды

Туристтерге көчөдө тамак жегенге тыюу салынды
7-Сен. 2018, Жума, 11:18

Италиянын бийлик өкүлдөрү туристтерге көчөлөрдө тамак жегенге тыюу салды. Эми аларга аталган өлкөнүн тарыхый борбордук төрт көчөсүнөн тамак жегенге болбойт. Бул тууралуу “Daily Mail” агенттиги кабарлайт.

Окуя боюнча мыйзам ушул жумада ишке киргизилген. Эгерде кимде-ким Виа де Нери, Пьяццале дельи Уффици, Пьяцца дель Грано, Виа делла Нинна көчөлөрүнөн тамак жегендерди көрсө, анда аларга 500 евро айып салынмакчы.

Мындай иш-чаранын кабыл алуу менен бийлик жергиликтүү тургундарды көчөдөгү жол тыгындардан сактап жаткандыгын айтат. Анткени түн оокумда туристтер унааларын жолго токтотуп, тамакка буйрутма бергендеринен улам жол тыгындары пайда болуп жатыптыр. Бийлик өкүлдөрү менен бирге ыктыярчылар дагы иш алып бармакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!