15 арстандын жүрүшү туристтерди таң калтырды

15 арстандын жүрүшү туристтерди таң калтырды
29-Авг. 2018, Шаршемби, 15:36

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында арстандардын жолдо жүргөн видеосу “YouTube” платформасындагы “Kruger Sightings” каналына жүктөлдү. Анда саякатчы Рэм Гойел таң эрте паркта унаалар жок кезде 15ке жакын арстанды көргөнү айтылган. “Бул укмуштай болду. Арстандар биздин унаанын жанынан өттү. Мен жаныбарларга атайын жол бошотуп четке чыктым”,-деген.

Крюгер улуттук паркы Түштүк Африка республикасынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Ал аймакты 1,5 миң арстан, 12 миң пил, 2,5 миң буйвол, миңдей леопард жана 5 миң носорог байырлайт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!