Королдун үй-бүлөсүнүн адаттан тыш эрежелери

Королдун үй-бүлөсүнүн адаттан тыш эрежелери
29-Авг. 2018, Шаршемби, 17:28

Англияда жылдын мыкты тою өткөнүнө 100 күн болду. АКШлык актриса Меган Маркл ошол күндөн тарта королдун үй-бүлө мүчөсү. Эми өзүнө ыңгайсыздык жарата турган бир топ эрежелерге баш ийүүгө аргасыз. Алардын айрымдары жакшы болсо, айрымдары таң калаарлык. Эмесе королдун үй-бүлөсү баш ийе турган эрежелер төмөндөгүчө.

Ханыша туруп турганда ошол жердеги үй-бүлө мүчөлөрүнүн бары туруп турушу керек.

Ханышадан дайыма бир же эки кадам артта жүрүү шарт. Бул эрежеге жолдошу принц Филипп да баш ийет.

Үй-бүлөдөгү айымдарга жакасы жок (декольте) кийимдерди кийе алышпайт. Ошол эле мезгилде тизеден өйдө же кыска кийгенге тыюу салынат.

Королдун үй-бүлөсүнүн эч бир мүчөсү саясий көз карашын билдирбейт жана добуш бере албайт.

Тойлордо сөзсүз түрдө балдар жүрүшү керек.

Ханыша негизинен тамак ашында балык жана мөмө-жемиштерге маани берет. Кечки дасторкондо макарон, картошка жана күрүч эч убакта болгон эмес. Ошондой эле тамакка сарымсак кошулбайт.

Королдуктун үй-бүлөсү үчүн тамак аштан уулануу ыктымалдыгы алдына алынган. Аларга кабыктуу деңиз азыктары берилбейт.

Балким бул чектен ашык деп эсептелиши мүмкүн. Антсе да ханышанын жакындарына монополияга тыюу салынган. Үй алып сатуу, акча, сатууларга байланыштуу оюндарга ханыша катуу тыюу салган.

Бул үй-бүлө кечки тамактанууда кийимге өзгөчө маани берет.

Ханыша Елизаветтанын унаа башкарууга ураксат берген күбөлүгү жок.

Падышачылыктын үй-бүлөсүнө киргизген эрежелеринин бири коомчулуктун алдында мамилесин көрсөтпөө. Маселен жубайлар эл көзүндө кол кармашып же колтукташып жүргөнү жакшы кабылданбайт.

Эркек балдары кичине кезинде өздөрүнө тиешелүү кийимдерди кийишет. 12 жашка келгенде гана шым кийгенге уруксат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!