Тамак согушуна 145 тонна помидор кетти

Тамак согушуна 145 тонна помидор кетти
30-Авг. 2018, Бейшемби, 12:07

Испанияда өткөн белгилүү “La Tomatina” фестивалында 22 миң адам 145 тонна помидор менен чабышты.

Иш-чара Валенсия шаарына жакын жерде жайгашкан Бунол айылында жыл сайын август айынын акыркы шаршембисинде белгиленет.

Жетекчилер бул жылкы чабышка 22 миңден ашык адам катышканын, ал үчүн аталган аймакка камаздар менен 145 тонна помидор ташылганын билдиришти.

Испаниялыктарда жаштар арасындагы оюн 1945-жылдан бери өтүп, салтка айланган.

Эң кызыгы, “La Tomatina” фестивалы айылдын көчөлөрүн помидор ширеси каптаганча уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР