Жоголгон кемени издөө уланууда

Жоголгон кемени издөө уланууда
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:14

Аргентинанын Аскер деңиз күчтөрүнө тиешелүү суу астында жүрүүчү “Сан-Хуан” кемесин издөө иштери уланууда. Катаал аба ырайына карабай издөөгө алынганы менен оң жыйынтык чыга электигин өлкөнүн деңиз күчтөрүнөн билдиришкен.

“Издөө жүрүп жаткан аймакта метеорологиялык шарттар катаал. Ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткен катуу шамал жүргөндүктөн бийиктиги 8 метрге көтөрүлгөн толкундар болуп жатат”,-деп жазылган аталган мекеменин порталында.

Издөө иштерине Улуу Британиянын “Protector” кемеси, Аргентинанын гидрографикалык кемеси, АКШ жана Бразилиянын учактары тартылган.

“Сан-Хуан” кемеси 15-ноябрда Мар-дель-Плата шаарындагы Ушуай портунан сапар тарткан. Андан бери байланыш үзүлгөн. Суу астында жүрүүчү кемеде экипаждын 44 мүчөсү болгон. Бул түзүм Германияда курулуп, Аргентинанын деңиз күчтөрүнө 1985-жылы кошулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!